Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Жарандык коом өкүлдөрү ИИМ жетекчиси менен жолугушат


«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын «Азаттыкка» билдиришинче, жолугушууга бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү барат. Анда тартип коргоо, коопсуздук жаатында биргелешип кызматташуу, ЕККУнун ИИМди реформалоо долбоорун ишке ашырууда жарандык коомдун орду жөнүндө сөз болуп, ички иштер тармагындагы бир катар маселе-көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууга алынмакчы. Абдурасулованын айтуусунда, жолугушуу жөнүндө демилге ички иштер министри Зарылбек Рысалиев тарабынан көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG