Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Косово көз карандысыздыгынын үчүнчү жылдыгын белгилөөдө


Косово Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө 2008-жылдын 17-февралында жарыялаган.

Азыркыга чейин анын бул кадамын 75 мамлекет, анын ичинде АКШ жана Европанын көпчүлүк өлкөлөрү тааныды. Бирок Косовонун көз карандысыз мамлекет катары эл аралык деңгээлде кеңири таанылуу жараяны акыркы кездерде солгундап калды.

Анын эл аралык беделине Европа Кеңешинин Косовонун айрым лидерлеринин согуштан кийинки 1998-99-жылдары олуттуу кылмыштарга, анын ичинде адамдардын дене мүчөлөрүн тымызын соодалоого катышы бардыгы айтылган баяндамасы бир топ сокку урду.

Косовонун утурумдук президенти Йакуп Красничи бүгүнкү сыналгы кайрылуусунда Косово көз карандысыздыгын жарыялагандан бери бир топ ийгиликтерге жетишкенин, бирок макамын эл аралык деңгээлде бекемдөө жана эл аралык коомчулукта расмий бийликке карата ишеним жаратуу жагынан татаал милдеттерге кабылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG