Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Ливияда активисттер “Кыжырдануу күнүн” өткөрүүгө чакырууда


Мындай чакырык Тунис менен Египетте президенттердин бийликтен кулашына алып барган элдик көтөрүлүштөрдүн артынан саясий башалмандыктардын толкуну араб дүйнөсүнүн бир нече өлкөлөрүн каптаган учурда жасалууда.

Ливияны 40 жылдан ашуун убакыттан бери башкарган Муаммар Каддафи - араб дүйнөсүнүн бийликте эң узак турган лидери. Өлкөдө коомдун нааразылыгы ачыкка сейрек чыгат. Бүгүн “Кыжырдануу күнүн” өткөрүү жөнүндөгү чакырыкты активисттер интернеттеги социалдык сайттар аркылуу жасашты.

Мунун алдына кечээ өкмөткө каршы чыккандар Бенгази деген шаарда полиция жана бийликти колдогондор менен кагылышкан. Маалыматтарга караганда, 30дан ашуун адам, анын ичинде полицейлер да жеңил жаракат алган.

XS
SM
MD
LG