Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Ливияда “Каардануу күнүнөн” кийин жаңы акциялар өтүп жатат


Кабарларга караганда, өкмөткө каршы демонстрациялар өткөн түнү бою уланды. Бүгүн эң ири нааразылык акциясы Ливиядагы экинчи ири шаар Бенгазиде өтүп жатат, башка да бир нече шаарда эл чогулуп жатканы кабарланууда. Хюман Райтс Уотч уюму билдиргендей, Ливияда демонстранттар менен полиция кагылышуусунан 24 киши набыт болду. Дагы бир араб өлкөсү Йеменде жети күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. Ал жердеги полиция менен тирешүүдөн бир киши жантаслим болду, дагы 20дан ашуун адам жараат алды. Демонстранттар 32 жылдан бери бийликти ээлеген президент Абдулла Салехтин кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG