Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ливияда бийликчил кыймыл демонстрацияга чыккандар катуу жазаланаарын эскертти


Өлкөнүн борбору Триполиде Ливия лидери Муаммар Каддафинин колдоочулары митинг өткөрүп, “Ыңкылап уланууда!” деп кыйкырып жатышты. Жума күнү өкмөткө каршы эң ири нааразылык акциясы Ливиядагы экинчи ири шаар Бенгазиде болуп, башка да бир нече шаарда эл чогулуп митинг өткөрүштү. Алар Ливияны 40жылдан ашуун мезгил башкарып келаткан Муаммар Каддафинин кетишин талап кылып ураандар чакырууда. Хюман Райтс Уотч уюму билдиргендей, Ливияда демонстранттар менен полиция кагылышуусунан 24 киши набыт болду

XS
SM
MD
LG