Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Буудай экспортуна бажы төлөмдөрү көбөйүшү мүмкүн


Экономикалык тескөө министрлиги Кыргызстандан тышкы өлкөлөргө алынып кетип жаткан буудайга бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнү көздөөдө. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул аракет өлкө ичинде буудайдын жетишсиздигин алдын алуу жана бааларды турукташтыруу максатында жасалууда. Мындан улам Экономикалык тескөө министрлиги буудайдын экспортуна бажы төлөмдөрүн көбөйтүү боюнча токтом долбоорун өкмөт аппаратына жөнөттү. Министрликтин маалыматына ылайык, февраль айынын алгачкы жумасында Кыргызстанда буудайдын баасы кеминде эле алты пайызга көтөрүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG