Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

Апрель ыңкылабынын бир жылдыгы белгиленет

Бүгүн президент Роза Отунбаева “Апрель ыңкылабынын бир жылдыгын белгилөө тууралуу” жардыкка кол койду. Жардыкка ылайык, бул иш-чараны даярдап өткөрүү боюнча комитет түзүлөт. Комитет эки жуманын аралыгында план иштеп чыгат жана каржы маселелерин чечет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Былтыр 7-апрелде Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ошол күнү Бишкектеги кандуу окуяда 87 адам көз жумган. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилген жана айрымдарына “Кыргыз эл баатыры” деген наам ыйгарылган. (EBM)
XS
SM
MD
LG