Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Саудиянын падышасы мекенине кайтып келди


87 жаштагы падыша Абдалла акыркы үч айдан бери четте жүргөн. АКШда бир нече операция жасатып, январь айынан бери Мароккодо дарыланып жаткан.

Падышанын үйүнө кайтышына тушташ өлкөнүн мамлекеттик сыналгысы ал саудиялыктарга үй сатып алууга, үйлөнүүгө, бизнес баштоосуна жардам көрсөтүүчү өнүгүү коруна бир нече миллиард бөлүүгө көрсөтмө бергенин жарыялады.

Мамлекеттик сыналгынын маалыматына караганда, өнүгүү коруна кошумча 10,7 миллиард доллар ажыратылып, анын бюджети дээрлик эки эсеге жакын көбөйтүлөт.

Соңку кездери Жакынкы Чыгышты каптаган элдик толкундоолорго Сауд Аравия кабыла элек. Элдик көтөрүлүштөрдүн көпчүлүгү жакырчылыктан жана саясий реформа жүргүзүү талаптарынан улам чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG