Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Триполиде Каддафинин жактоочулары жыйналды


Алар Ливия лидери өз жактоочуларын жардамга чакыргандан кийин жыйналып олтурат, ошол эле учурда шаарда атышуулар жүрүп жатканы кабарланууда. Триполинин тургундарынын айтымында, каддафичил күчтөр көчөлөрдө ой келди ок ачкандыктан, үйдөн чыгуу коркунучтуу болуп жатат. Ал эми өкмөткө каршы демонстранттар өлкөнүн чыгышында бир нече шаарда көзөмөл орнотушканын ырастап, мурдагы падышалык Ливиянын желегин көтөрүштү.

Бул аралыкта Каддафиден жүзүн бурган дипломаттар көбөйүүдө. Бүгүн Ливиянын Австриядагы элчилиги тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонулуусун айыптап, эми Ливия элинин кызыкчылыгын коргой турганын жарыялады.

“Хьюман Райтс Уочт” уюмунун билдиргенине караганда, алардын толук эмес эсеби боюнча кагылыштардан өлгөндөр саны 300дүн тегерегинде.

Европанын Ливияга эң жакын өлкөсү – Италия, эгер Каддафи бийликтен куласа, Европаны көздөй качкындар агылабы деп чоочулоодо. Тышкы иштер министри Франко Фраттини бүгүн парламентте мындай деди:

- Биз жалгыз үмүтү деңиз аркылуу Евробиримдиктин портторуна жетүү болгон 300, 250 же 350 миң киши жөнүндө айтып жатабыз. Бул Италия жалгыз өзү чече албай турган, жакынкы келечекте бүткүл Евробиримдик даяр туруусу зарыл болгон ыктымалдуулук.

Италия тышкы иштер министри алардын эсеби боюнча демонстранттарга каршы күч колдонуу учурунда каза тапкандар саны бир миңдин тегерегинде экендигин кошумчалады.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Ливиядагы кырдаал боюнча ушул жума күнгө атайын сессия чакырганы жатат.

XS
SM
MD
LG