Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Өкмөт күч түзүмдөрүн реформалоодо Грузиянын тажрыйбасын үйрөнүүдө


Ушул тапта Кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов баштаган делегация Грузияда жүрөт. Бул иш сапар өлкөнүн күч түзүмдөрүн реформалоо үчүн бирдиктүү системалуу саясат иштеп чыгууну көздөйт. Делегация курамына Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын, Башкы прокуратуранын, Жаза өтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

1-марттан 3-мартка чейин созулчу сапар маалында Ш.Атаханов баштаган делегация Грузиянын вице-премьер-министри Георгий Барамидзе жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG