Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Forbes: Орусияда Европадагы миллиардерлердин үчтөн бири жашайт


Орусияда 101 миллиардер бар. Forbes журналынын жазышынча, алардын көпчүлүгү Москвада жашайт жана дүйнөнүн бир да башка шаарында Москвадагыдай көп миллиардер жашабайт. Бир жылда Орусиядагы миллиардерлердин саны 39га көбөйгөн. Ошентип азыр Орусияда Европадагы миллиардерлердин үчтөн бири жашайт. Forbes эң бай орусиялык деп Владимир Лисинди атаган. Ал 24 миллиард доллар дөөлөтү менен дүйнөдө 14-бай адам саналат. Дүйнөдөгү эң бай адам - мексикалык телекоммуникация магнаты - Карлос Слим Элунун байлыгын "Форбс" 74 млрд. долларга баалаган. Экинчи орунда 56 млрд. доллар менен Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык Билл Гейтс турат.
Азыр дүйнөдө, "Форбстун" маалыматы боюнча, байлыгы АКШ доллары менен эсептегенде миллиарддан көп мүлк-дөөлөттүү 1210 адам бар.

XS
SM
MD
LG