Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Жапониядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматтарга ылайык, Жапониядагы жер титирөөдө жабыркаган Кыргызстан жарандары катталган жок. Токиодогу Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Жапонияда 120дан ашык кыргызстандык бар.

Тышкы иштер министрлигинде Жапониядагы жарандар менен байланышты камсыз кылуу, маалыматтык жардам көрсөтүү багытында штаб түзүлдү. Штабдын телефон номурлары: 62-66-79, 66-52-59, 62-67-59, 62-67-69. Ушундай эле штаб Жапониядагы элчиликте да иштеп жатат. Жапониядагы элчилик менен +81 3 37 19 08 28 номери аркылуу байланышууга болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG