Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

ЖККУ баш катчысы Кыргызстанга келди


Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа баштаган делегация бүгүн Кыргызстанга келди. Маалыматка ылайык, ЖККУ өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндө болуп, вице-премьер-министр, Коргоо кеңешин жетектеген Шамил Атаханов, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтын жетекчилери менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдө аймактагы абал, коопсуздук маселелери талкууланат.

ЖККУнун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Николай Бордюжа баштаган делегация Кыргызстандан кийин Тажикстанга жөнөшөт. Бул иш сапарлар Ооганстан менен чектеш аймактардагы чек аранын абалын талдоо, аймактын коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт. (KKs)

XS
SM
MD
LG