Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Жапонияда Фукусимадагы АЭСтин реакторлоруна суу чачып жатышат


Ушул сааттарда аскердик тик учактардын жардамы менен "Фукусима Дайичи" атомдук электростанциясынын ысып кеткен реакторлоруна муздак суу чачып жатышат. Кабарларга караганда, азыр көңүл өзгөчө өткөн жума күнкү зилзала жана цунамиден, кийин жарылуулардан катуу жабыркаган үчүнчү реакторго бурулууда. АКШнын атомдук энергетиканы көзөмөлдөө комитетинин башчысы Фукусимадагы АЭСте резервуарлардын биринде суу толугу менен кургап кеткен болушу мүмкүн, мунун өзү радиациянын таркашына алып келет деген эле. Билдирүүнү жапон бийликтери чындыкка жатпайт деп жатышат. Алар мүмкүн болушунча эртерээк станцияда электр энергиясын иштетүүгө аракет кылып жатышканын, ошондо реакторлордогу муздаткыч системасы ишке кирээрин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG