Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Атамбаев кайрадан Москвада


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 17-мартта Москвага барды. Сапардын максаты - буга чейинки келишимдердин аткарылышын талкуулоо.

Кыргызстан үчүн күйүүчү майга кошумча төлөмдү киргизбей калуу негизги маселе болууда.

Стратегиялык өнөктөшкө зарыл маселе менен

Кыргызстан менен Орусиянын байланышы кеңири. Анын ичинен коопсуздук, миграция, соода-экономика, энергетика, ишкерликке, финансыга байланыштуу орчундуу маселелер бар.

Азыркы мезгилде Кыргызстан үчүн күйүүчү майларга киргизилген бажы төлөмдөрүн алып салуу жана Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 200 млн. доллар насыяны алуу эң зарыл маселелерден. Анткени күйүүчү майдын кымбаттоосу жазгы талаа жумуштарынын алдында өзгөчө дыйкандарга, жалпы элге жана Атамбаевдин өкмөтүнө урулган сокку болуп калат. Ал эми 200 млн. доллар насыя чечилбей калса, анда бюджеттин тартыштыгын жабууга, демек убада кылынган айлык акыларды көтөрүүгө каражат табуу оорлошот.

Алмазбек Атамбаевдин 17-18-мартта Москвада боло турган жолугушуулары тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов Москвадан билдирди:

- Бүгүн каржы министри Алексей Кудрин, энергетика министри Сергей Шматко жана башка бир катар жолугушуулар бар. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуу 18-мартка пландаштырылган. Ал эми президент Дмитрий Медведев менен жолугушуу белгиленген эмес. Сапар учурунда мурда жетишилген келишимдерди аткаруу маселелери каралат.

Өкмөт башчынын кеңешчисинин айтымында, мурунку сапар учурунда Орусиядан алып келинген күйүүчү майды Кыргызстан аркылуу реэкспорттоого жол бербөө макулдашылган. Ал келишим Бишкек тарабынан аткарылды. Ошого жараша Кыргызстанга бериле турган күйүүчү майга бажы төлөмдөрүн киргизүүгө негиз жок.

Орус тарап сүйлөшүүлөрдө “Дастандын” акциясы, “Кыргызгазды” менчиктештирүү, "Мегакомго" байланыштуу маселелерди көтөрүшү күтүлүүдө. Анын үстүнө "Мегаком" чатагы кыргыз-орус мамилесине терс таасирин тийгизерин орус депутаттары Бишкекте белгилеп кетишкен.

Кыргыз тарап күйүүчү май, насыядан сырткары келечекке багытталган Камбар-Ата ГЭСин куруу, электр энергиясын Орусияга экспорттоо сыяктуу маселелерди толук чечүүгө кызыкдар.

Мурунку сапардан азыркынын айырмасы

Алмазбек Атамбаев Москвага өткөн жылы 27-декабрда да сапар менен барган. Анда коалициялык өкмөт эми куралып, “эки тизгин, бир чылбыр” Атамбаевдин колуна тийип турган учур эле. Азыркы мезгилде болсо коалицияны сактап калуу маселеси турат. Белгилүү болгондой “Ата-Журт” фракциясынын 19 депутаты өкмөт башчынын алдына 10 пункттан турган талап коюп, аларды 22-мартка чейин аткарууга мөөнөт койгон. Ошондуктан Москвада коалициянын келечеги боюнча да сөз козголбой койбойт.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Атамбаевдин сапарында чечүүнү талап кылган башкы маселе күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алуу экендигин белгиледи:

- Мен ойлоймун, премьер-министрдин Орусияга сапары учурунда эң негизгиси күйүүчү-майлоочу майларга бажы төлөмдөрү алынсын деген документке кол коюулуш керек. Ошого кол коюлса баары жакшы болот. Күйүүчү май кымбаттабай, азыркы калыбында турса жазгы-талаачылык иштерге да жакшы болмок.

Бул арада орус тарап Кыргызстанга жөнөтүлө турган мунай заттарына бажы төлөмдөрүн киргизгенин биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов маалымдап, өкмөт өз корундагы дизелдик майдан 7,5 миң тоннаны дыйкандарга 25 сомдон сатууга алып чыкканын белгиледи. Бирок бул жетишпейт. Анткени дыйкандар жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүсү үчүн кеминде 40 миң тонна дизель майы керек.

Орус тараптын бажы төлөмү боюнча чечими ишке киришсе Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлөт. Белгилүү болгондой төлөмдөр алынгандан кийин баалар 6-7 сомго түшкөн.

Бул маселе кандай чечилери 18-мартта Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин айкын болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG