Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Жер титирөөдөн жапа чегүүлөр болгон-болбогону боюнча маалымат жок


Чукул кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 18-мартта Кыргызстандын түндүгүндө болгон жер титирөөдөн улам жабыр тартып, министрликке кайрылгандар болгон жок. “Эгер кандайдыр бир кыйроолор болсо, жергиликтүү айыл өкмөттөр Чукул кырдаалдар министрлигине кайрылат болчу”, - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Абдушарип Бекилов.

Кечээ саат 15:36да Кыргызстандын түндүгүндө жер титирөө катталган. Сейсмология институту “Азаттыкка” билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Бишкектен түндүк-чыгышты көздөй 25 чакырым алыстыкта, Кант шаарынан түндүк тарапка 8 чакырым алыстыктагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашып, ал жерде силкинүүнүн күчү 5 баллга чейин жеткен. Бишкекте 4,5 балл, Кантта 5, Токмокто 4, Кара-Балта жана Кеминде 3-3,5 балл болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG