Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

АКШ Пакистанды бин Ладенди жашыргандарды аныктоого чакырууда


АКШ жана Пакистан президенттери Барак Обама менен Асиф Али Зардари Ак үйдө. 14-январь, 2010-жыл.
АКШ жана Пакистан президенттери Барак Обама менен Асиф Али Зардари Ак үйдө. 14-январь, 2010-жыл.

Пакистан премьер-министринин парламенттеги бүгүнкү кайрылуусу алдында АКШ президенти “ал-Кайида” лидерине Пакистандын ичинде колдоо көрсөткөн кандайдыр бир топ болгон деген жоромолун айтып чыкты.

АКШ Исламабаддан алыс эмес, Абботтабад деген жерде 1-майда өткөргөн операциясынан кийин Пакистан “ал-кайидачылар” менен жашыруун кызматташкан деген шек саноолордун жаралышы расмий Исламабад менен Вашингтон ортосуна ажырым алып келгендей болду.

Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани буга чейин 4-майда Парижде сүйлөгөн учурунда Усама бин Ладендин 2001-жылдын сентябрындагы терракттардын артынан, мындан дээрлик он жыл мурда аман-эсен кутулуп кеткени үчүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары жоопкер экендигин белгилеген эле.

АКШ президенти Барак Обама болсо жекшемби күнкү сыналгы маегинде “ал-Кайиданын” мерт тапкан лидери Пакистанда колдоонун кандайдыр бир тармагына ээ болгондой сыяктанаарын, бирок бул тармакка өкмөттүн мүчөлөрү кирген-кирбегени АКШ үчүн белгисиз экенин айтты.

Президент Обама Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде расмий өкүлдөр “ал-Кайида” лидеринин дайын-дарегинен кабардар болгон-болбогонун Пакистан өкмөтү аныкташ керектигине токтолду:

- Биз Пакистандын ичинде бин Ладенди колдогон түйүн болгон өңдөнөт деп ойлойбуз. Бирок биз колдоо түйүнү эмнелерден же кимдерден турганын билбейбиз. Ал жерде өкмөттүн ичинен же тышынан кандай адамдар болгондугунан кабарыбыз жок. Бул биздин иликтөөбүздү талап кылган нерсе. Мындан маанилүүсү - бул нерсени Пакистан өкмөтү иликтөөсү абзел.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон Исламабад “ал-Кайида” лидери өлкө борборунан көп алыс эмес жерде, аскерий академиянын жанынан кантип жашынып жүргөнүн аныктоосу керек деп эсептейт. Донилон Эн-Би-Си телеканалындагы маегинде белгилегендей, Пакистан АКШга “ал-Каида” лидеринин үч жесирин суракка алуусуна мүмкүндүк берүүсү зарыл:

- Абботтабадда бин Ладенди колдогон кандайдыр бир түйүн болгон. Биз өкмөт ( Пакистандын) муну күн мурунтан билгендигинин далилин таба элекпиз, бирок алар муну иликтөөсү керек. Кандай болгон күндө да, алар бизди бул боюнча чалгын маалыматтары, анын ичинде бин-Ладен бекинген жайдан чогултулган маалыматтар менен камсыздап, анын азыр камакта отурган үч аялы менен сүйлөшүүбүзгө мүмкүндүк берүүсү абзел.

Усама бин Ладендин аялдары өткөн аптада АКШ күчтөрүнүн аны мерт кылган рейдинен кийин камакка алынган. Пакистандын Вашингтондогу элчиси Хусаин Хакканинин Эй-Би-Си сыналгы каналына айтканына караганда, алардын өкмөтү иликтөөнүн жыйынтыктары менен бөлүшөт.

Эгер кимдир бирөөнүн Усама бин Ладенди жашырууга тийешеси бардыгы аныкталып калса, аны менен эч кандай келишүүчүлүк болбойт, деди элчи.

Ушул ишемби күнү Пентагон бин Ладендин Абботтабаддагы үйдөн тартылган деген виделорун жарыялады, бирок андан “ал-Кайида” лидеринин үндөрү алынып салынган.

АКШнын чалгын тармагын тейлеген расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Абботабаддагы үч кабаттуу үй бин Ладенге “ал-Кайида” түйүнүн башкаруунун борбору катары кызмат кылган жана ал Кошмо Штаттарга каршы жаңы кол салууларды даярдоонун үстүндө иштеп жаткан.

Бирок Пакистан бийликтери Усама бин Ладен жашынган жеринен өз түйүнүн башкарууга жигердүү аралашканынын күмөн санашып, ал үйдө интернет, атүгүл телефон байланышы да болбогонун жүйөө тартышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG