Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Жапон өкмөтү Хамаока атомдук станциясын жаптыртты


Жапонияда Хамаока атомдук станциясы өкмөттүн талабы боюнча ишин убактылуу токтотту. Мындай чечим өлкөдөгү 54 реактордун абалы менен таанышып чыккандан кийин кабыл алынган. Токиодон 200 километрдей алыс жайгашкан Хамаока станциясы өлкөнүн борбордук аймагын, анын ичинде Тойота корпорациясынын ишканасын электрэнергиясы менен камсыздап турат. Өкмөттүн баамында, станцияны жер титирөө жана цунимден коргоп калчу дубалдарды тургузуу үчүн 2 жыл керек. 11-мартта болгон табигый кырсыктан Даичи атомдук станциясы жабыркап, радиация айлана-чөйрөгө тарап кеткен.

XS
SM
MD
LG