Словакияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын тандалма мелдештеринде канадалык хоккейчилер Швецияны 3:2 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи болду. Чехтер болсо Германияны 5:2 эсебинде жеңди. Ошентип 11-12-майда өтчү чейрек финалдык беттешүүдө Финляндия-Норвегия, Чехия-АКШ жана Швеция-Германиянын хоккейчилери беттешет.