Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Ливиянын баш калаасына НАТО катуу сокку урду


НАТО аба күчтөрү таңга маал Триполи шаарынын борборуна катуу сокку урганы кабарланды.
"Рейтер" агенттиги күбөлөргө таянып, Муаммар Каддафинин резиденциясы жайгашкан аймакта 5 ирет катуу жардыруу болгонун маалымдайт.

НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен Каддафинин мезгили аяктап бараткандыгын эскерткенден кийин Триполи соккуга кабылды. 1-майда НАТОнун абадан соккусунан Каддафинин кичүү улуу, 3 небереси набыт болгон.

Ливияда өкмөткө каршы күчтөр менен Каддафини жактоочулардын кармашы феврал айынан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG