Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Кыргызстанда майып балдардын алты миңи билим алат


Кыргызстанда 22 миң майып бала катталса, алардын алты миңи гана билим алат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Майып балдардын ата-энелери ассоциациясынын координатору Тамара Балкибекова билдирди. Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү, ден соолугуна өзгөчө кам көрүү багытында бир катар мыйзамдар кабыл алынган менен мектепке чейинки жана мектептеги окуу процессине алар киргизилген эмес. Ата-энелер ушул маселени чечүүнү өкмөттөн өтүнүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG