Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Жалал-Абадда көп кабаттуу эки үй июнда колдонууга берилет


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын өкүлү Талант Исмаилов курулуш иштерин көрсөтүүчү медиа-тур учурунда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган облустун Базар-Коргон районунда июнь окуялары учурунда өрттөлүп, талкаланып кеткен салык инспекциясы менен архив кызматынын имараттары курулуп бүтүп калды. Ошондой эле 16 батирден турган эки кабаттуу үйдү май айынын соңунда ээлерине тапшыруу пландалууда. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үч үйдүн курулушу жүрүүдө.

Медиа-турду аталган дирекция менен ЮСАИД уюму уюштурууда.
2010-жылдагы улут аралык жаңжал учурунда Жалал-Абадда 455 үй, онго чукул мамлекеттик мекеме өрттөлүп, жабыркаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG