Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

ЕБ кыргыз бийлигин эл аралык комиссиянын сунуштарына кулак салууга үндөдү


Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Кэтрин Эштон бул тууралуу катты Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага жолдоду. Анда Эштон отчетту июнь коогасынан кийинки Кыргызстандагы жамаат аралык диалогго салым кошо турган документ катары сыпаттап, “отчеттогу кээ бир сунуштар Евробиримдиктин жардам берүү программаларындагы артыкчылыктарга жооп берерин” белгилеген.

Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын отчетуна ылайык, июнь коогасында каза болгондордун 74% өзбектер экени, ал эми 25% кыргыздар экени айтылган. Эл аралык комиссия июнь коогасына башкы себеп катары саясий фанатизм жана этноулутчулдукту белгилеген. (EK)

XS
SM
MD
LG