Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Бишкекте транзиттик социалдык үй ачылды


Бул тууралуу “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова “Азаттыкка” билдирди. Эл аралык донорлордун колдоосунда ачылган транзиттик социалдык үй өзүнө төрт үй-бүлөнү камтый алат. Ал жерде учурда күйөөсү менен ажырашып, балдары менен көчөдө калган аялдар баш панек кылышууда. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, Кыргызстанда барган сайын ажырашуу күч алып, андан ириде, аялдар менне балдар запкы тартууда. Андыктан борбор ажырашуу чегинде турган үй-бүлөлөр үчүн жакындан бери үй-бүлөлүк консультация өткөрө баштады. Борбордо зомбулук күнөкөрлөрү жана курмандыктары үчүн психологдор тарабынан атайын кеп-кеңештер да берилет.

Бүгүн, 15-май-бүткүл дүйнөлүк үй-бүлө күнү белгиленүүдө. Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлө инстититуна көз караш өзгөрүп, үй-бүлө күтүү асылдыктары жоголуп баратканын белгилешүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG