Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

"Талибан" АКШ менен түз сүйлөшүү жүргүзүп жатканын төгүндөдү


"Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү бүгүн тараткан билдирүүдө алар мунаса табуу үчүн АКШ менен түз сүйлөшүү жүргүзүп жатат деген кабарларды “ушак” деп атады. Мунун алдында кечээ америкалык “Вашингтон Пост” гезити жана башка маалымат каражаттары жакында АКШнын өкүлдөрү Германия менен Катарда "Талибандын" лидери молдо Оморго жакын турган адам менен үч ирет жолукканын кабарлашкан эле.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ бул маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартып, оогандар өзү баштаган элдешүү жараянын колдоо үчүн АКШ Ооганстанда жана аймакта кеңири карым-катнаш жүргүзүп жатканын гана айткан.

XS
SM
MD
LG