Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Сүлүктүдө иштеген кенчи асынып алганы кабарланды


34 жаштагы Икрам Ашимовго “Сүлүктүкөмүр” ачык акционердик коомунан “жардыргыч заттарды уурдады” деген айып коюлуп жаткан. ИИМдин басма сөз кызматы Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери маркумду 10-майда көмүр кенинин жардыргыч заттарын мыйзамсыз сатуу учурунда кармап, ага карата кылмыш ишин козгогону кабарланууда. 6 кг. аммонит жана 30 детонатар менен колго түшүрүлгөн Ашимовду милиция тил кат жаздырып алып бошотуп жиберген. 16-майда кенчинин сууган денеси Сүлүктү шаарындагы үйүндө табылган. ИИМдин басма сөз кызматы “ал өзүн өзү асып өлтүргөн” деп, маркум өлөөр алдында бул тууралуу кат жазып кеткенин далил кармоодо.

“Сүлүктүкөмүр” ачык акционердик коомунун кызматкери Эргеш Мадаминов “Азаттыкка” “Сүлүктүкөмүр” кениндеги жардыргыч заттарга болгон көзөмөлдүн жоктугу ушул окуяга алып келди”, - деп билдирди. Маркумдун жакындары менен байланышып, окуя кандай болгонун тактоого азырынча мүмкүн болгон жок. (EK)

XS
SM
MD
LG