Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Башкаруу системаларын реформалоочу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстандагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана өкмөт жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы өзгөртүүлөр Кыргызстандагы башкаруу системасын реформалоону көздөйт. Ага ылайык, өлкөдө облустар жоюлуп, аймак түшүнүгү киргизилет. Мыйзам Кыргызстанда эки баскычтуу административдик-аймактык бөлүмдөрдү түзүүнү карайт. Биринчи баскычта айыл менен шаар, экинчи баскыч - район эсептелет. Ошентип мамлекеттик администрация облус эмес район деңгээлинде гана болмокчу.

Мындан тышкары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда акимдер жергиликтүү эл тарабынан шайланып, райондук кеңештин депутаттарынын сунушу менен премьер-министр тарабынан бекитилет. (EK)

XS
SM
MD
LG