Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Борбор Азия: биригиш үчүн чачыраш керекпи?


Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик алган 20 жылдан бери эле өз алдынча биригүү тууралуу тынымсыз айтып, ар кандай документтерге кол коюп келатышат.

Бирок, тетирисинче, жыл өткөн сайын чек араларын бүтөп, жарандардын ары-бери катташын кыйындатып жатышат. Негизинен дини, тили да окшош кошуналардын биригишине эмне тоскоол болууда?

Борборазиялык талдоочулар жакында Бишкекте ушул суроого жооп издешкен эле.

Эрк керек

Бул маселеге сереп салган борборазиялык талдоочулар региондо мамлекеттер арасында интеграция маселеси эбак бышып жетилгенин белгилешти.

Узакка созулган жарандык согуштун залалын эмгиче тартып келаткан Тажикстан айрыкча коопсуздук жагынан коңшулардын колдоосуна муктаж, деди дүйшөмбүлүк талдоочу Рустам Хайдаров:

Тажикстандык дыйкан
- Тажикстан өз алдынча чече албаган аймактык көп проблемалар бар. Ириде бул - коопсуздук, Ооганстан тараптан келчү коркунучтар. Бул жерде диний экстремизм, терроризм, баңги ташуу, адам сатуу жаатында Борбор Азия өлкөлөрү күчтөрүн бириктирүүсү талап.

Мындан сырткары, суу-энергетика көйгөйлөрүн чечүүдө да маселе көп. Ушундан улам Тажикстан борборазиялык мамлекеттердин биригүүсүнө умтулууда.


Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Серик Бейменбетов биригүү зарылдыгы аймактагы ишкерлер жана жаштар арасында катуу сезилээрин, тек гана буга саясий элитанын мойну жар бербей жатканын ажыратып берди.

Ал биригүүгө кедергисин тийгизген жагдай катары ар кайсы мамлекеттин ар башка экономикалык абалын атады:

- Борбор Азиядагы экономикалык өнүгүүдө абдан айырмачылыктар бар. Мисалы, Кыргызстан менен Казакстандын ички дүң жыйымы бирдей эмес. Бул эмнеден кабар берет? Бул Казакстан Кыргызстан менен соода жүргүзсө бонустарды ала албай калат дегенди билдирет. Андыктан ага аймактык эмес, четтеги өнөктөштөрү менен алака кылган пайдалуу.

Биригүүдө беш тепкич бар. Евробиримдик бул тепкичтердин баарын басып өткөн. Алар: эркин экономикалык аймак, экономикалык бирикме, валюта кору, валюта бирлиги жана саясий бирикме.


Ташкенттеги базар
Бейменбетовдун айтымында, ошол эле Европа чачылып отуруп кайра ымалага келген сымал Борбор Азия да биригүүнүн алгачкы, азаптуу баскычынан өтө албай тайгаланууда.

Айтмакчы, өлкөлөрдүн башын кошо турган Жамааттык Коопсуздук Келишим уюму бар. Анын уставына ылайык, чөлкөмдөгү бир эле мамлекетке сырттан коркунуч туула турган болсо, биргеликте каршы туруу макулдашылган.

Бирок саясий, экономикалык, кала берсе маданий жагынан ич ара, элестүү айтканда, ысык ымала күтмөйүн аталган уюмдун деле бириктирүүчү кудурети азыраак болуп жаткандай.

Евробиримдиктен үлгү алса болобу?

Эми Борбор Азия суктанып жаткан Европа Биримдигинин жакынкы эле тарыхына кайрылалы. Бул альянс Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн. Анын пайдубалы ошол кездеги АКШ мамкатчысы Жорж
Маршаллдын согуштан бүлүнгөн өлкөлөрдү бутуна тургузуу максатында бөлгөн каражатынан курулган.

Өзбекстандык талдоочу Фархад Толипов ушуну эске салды:

Бишкек шаары
- Бул европалыктардын биригүүсүнө түрткү болду. Ушундай эле түрткүнү бир кезде америкалык Маршаллдын планынын артында ирденип кеткен Евробиримдик Борбор Азияга сунушташы керек. Бирок биригүүгө сырткы геосаясий факторлор терс таасир этүүдө. Экинчиден, борборазиялык жетекчилердин буга даяр болбой жатканы да маанилүү фактор.

Ал эми КМШ-Орусия изилдөө тобунун башчысы, германиялык изилдөөчү Андреа Шмитце биримдиктин европалык стандарты Борбор Азияга жарашпай турганын, чөлкөм өз жүрүм-турум эрежелери жана мамилелерине жараша ынтымакташуусу зарылдыгын белгилейт. Биригүүгө болсо, анын оюнча, бийлик башындагылар тоскоол болууда.

- Азырынча бул күчтүү, кары адамдар бийликтен кеткенден кийин ордуларына ким келеринен да көп нерсе көз каранды. Учурдагы элитанын тарыхый тажрыйбасы жаңы жагдайлардагы интеграцияга көбүрөөк каршы деп эсептейм.

Тышкы күчтөрдүн тымызын каршылыгы

Мындан тышкары беш өлкөнүн биригүүсүнө каршы тышкы күчтөр да аракет жасап жатканын айтышууда. Казакстандык талдоочу Алмат Тоекиндин ою ушундай:

Астана, Казакстан
- Саясий көз караштан алып караганда биз, Борбор Азия аймак катары бирдиктүү, Евробиримдик окшогон бирикме болушубуз Орусия, Кытай жана АКШга пайдалуу эмес.

Карап көрсөңүз, беш өлкө, образдуу айтканда, беш манжа муштум болуп жумулса, аскердик, саясий, экономикалык болобу, же башка түрдүү багыттар боюнчабы, күчтүү муштумга айланат. Ошон үчүн алар биригүүгө себептер жаралбашы үчүн ортого от жагууда.


Борбор Азиянын акыркы 20 жылдык тарыхында Кыргызстанда бийлик үч жолу алмашты. Түркмөнстанда бийлик президент Сапармурат Ниязовдун дүйнө салышы менен оошту.

Ал эми Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан салыштырмалуу бейкут деп жатышат. Аларды компартиянын таалим-тарбиясын алган жетекчилер башкарууда.

Бир катар серепчилер азыркы ар башка кулк-мүнөз, экономикалык шартта беш мамлекеттин бир муштумдай биригиши жакын арада ишке ашпайт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG