Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Европа ЭВФ төрагалыгына өз талапкерин сунуштайт


Германиянын канцлери Ангела Меркел Эл аралык валюта фондунун жетекчиси болуп Европанын өкүлү дайындалышы керек деген оюн ортого салды:

- Албетте азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен талапкерлердин ысымдарын атабайм. Бирок Европа биримдиги маселени талкуулайт. Тез чечим кабыл алуу өтө маанилүү болмокчу.

Мурдагы төрага, франциялык финансист жана саясатчы Доминик Стросс-Кан зордуктоо аракети боюнча кылмыш ишине байланыштуу учурда абакта кармалууда. Ал бүгүн эртең менен жетекчилер кеңешине кызматынан кетүү арызын жолдогон.

Стросс-Кан ага тагылган дооматтарды четке кагып, бардык кубатын ак экенин далилдөөгө жумшаарын айтат. Бүгүн адвокаттар аны 1 миллион доллар күрөөгө койо берүү жөнүндө экинчи жолу арыз бергени жатышат. Буга чейин сот Стросс-Кан АКШдан качышы мүмкүн деп, өтүнүчүн четке каккан.

Саясатчы Франциядагы эмки жылкы президенттик шайлоодо фавориттердин бири болот деп күтүлгөн эле. Байкоочулар эми Эл аралык валюта корунун жаңы башчысын дайындоодо АКШ менен Европа ортосунда бир топ талаш чыгаарын болжолдошот. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн фонддо буга чейин төрага кызматын жалаң европалыктар ээлеп келген. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Манэул Баррозо Европа күчтүү талапкер жөнүндө макулдашышы керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG