Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

АКШ президенти Израил өкмөт башчысы менен жолугат


Бүгүн Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху менен жолугушат.

Жолугушуу президент Обама Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасагандан кийин өткөнү турат. Обама өз сөзүндө Иордандын Батыш жээгиндеги 1967-жылкы согушка чейинки чек аранын негизинде Жакынкы Чыгыштагы жагдайды калыбына келтирүүнү АКШ жактаарын билдирген.

Нетаняху Обаманын сөзүн дароо четке кагып, бул Израилдин калкын коркунучка кирептер кылып, бир топ Израил айылдарынын четте калышын шарттайт деп билдирди. Палестин президенти Махмуд Аббас өз кезегинде былтыр токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандандырууга Обаманын аракетин колдоду. Палестин-Израил жанжалын жөнгө салуу аракетин Евробиримдик да жактырды.

XS
SM
MD
LG