Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Кеминде кош майрам

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында К.Осмоналиев атындагы спорттук комплекс ачылып, Б.Юнусалиев атындагы орто мектептин 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Салтанатка өлкө башчысы Роза Отунбаева да катышты. Иш-чаранын алкагында спорт оюндары ойнотулуп, улак тартыш өткөрүлдү.

Кичи-Кемин орто мектеби 1920-жылы аталган өрөөндө биринчилерден болуп курулган. Мектеп ушул убакытка чейин 9 академик, 20га чукул илимдин кандидаттарын тарбиялаган.  (MTo)
XS
SM
MD
LG