Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Эл аралык валюта фондунун жаңы төрагасы 30-июнга чейин белгилүү болот


Эл аралык валюта фонду жаңы директорду 30-июнга чейин тандап алууга аракеттенет. Мурдагы төрага, франциялык финансист жана саясатчы Доминик Стросс-Кан сексуалдык кылмыш үчүн айыпталып жаткандыктан бир нече күн мурун кызматынан кеткен.

Фонддун жетекчилер кеңеши 23-майдан 10-июнга чейин сунуш кылынган талапкерлерди карайт. Төраганы тандоо процесси “ачык жана объективдүү” жүргүзүлөөрүн аткаруу кеңеши убада кылууда.

Айрым кабарларгка ылайык, Европа өлкөлөрү Франциянын каржы министри Кристин Лагарддын талапкерлиги жөнүндө макулдашты. Түркиянын мурдагы каржы министри Кемал Дервиш бул кызматка ат салышпай турганын билдиргенден кийин Лагарддын мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогорулады.

XS
SM
MD
LG