Бүгүн (21-майда) түш чендерде Бишкектеги Лазо жана Ленск көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн өрт чыгып, анын айынан эки адам набыт болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Бизге маалымат 14:19да түштү. Өрт башка жакка тарап кеткиче өчүрүп калдык. Окуя болгон жерден атасы менен кызынын денеси табылды”, деп кабарлашты министрликтин басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, 5 бөлмөлүү үйдүн 50 чарчы метри күйүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун себептери такталууда. (МТо)