Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Нетаняху Обама менен жолугушууга курсант


Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугушту. Израилдик гезит расмий адамдарга шилтеме жасап жазганына караганда, премьер жума күнкү сүйлөшүүлөрдөн оптимисттик маанайда кайтты.

Алдыңкы күнү Обама Жакынкы Чыгыш менен араб өлкөлөрүндөгү кырдаал боюнча сөз сүйлөп, 1967-жылкы чек аралардын негизинде Палестин мамлекетин түзүү идеясын колдогон. Тараптар ыктыярдуу түрдө жер тилкелерин айырбаштоосу керек, - деп кошумчалаган Обама.

Нетаняху менен жолугушуудан кийин америкалык президент тынчтык процесси боюнча АКШ менен Израилдин ортосунда “пикир келишпестиктер” бар деди. Израилдин өкмөт башчысы болсо анын өлкөсү Обаманын тынчтык процессин алга жылдыруу аракеттерин баалайт, бирок 1967-жылкы чек араларга кайтпайт, мындай кадам Израилди “коргоосуз калтырат” деди.

XS
SM
MD
LG