Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

“Ата-Түрк” гүл багындагы мыйзамсыз берилген жерлер такталат


Бишкек шаарынын тургундары “Ата-Түрк” сейил багынын айланасында мыйзамсыз курулуш иштери жүрүп жатканын белгилеп, Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура аталган жайдагы мыйзамсыз берилген жерлерди тактоо, аларды кайтаруу маселесин чечүүгө бир айлык мөөнөт белгиледи. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев тастыктады.

19-майда Башкы прокуратура шаар тургундарынын кайрылуусун караган. Жыйында чечими жок курулган тамдарды түрттүрүү жана жер тилкесин мыйзамсыз берген адамдарды жоопко тартуу маселелелери да талкууланган.

Маалыматка ылайык, “Ата-Түрк” гүл багынын аянты 107 гектардан 74 гектарга чейин кыскарган.

Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары аталган сейил бактын тегерегиндеги бак-дарактар кыйылып, курулуш иштеринин жүрүшүнө нааразы болуп кол топтошкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG