Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Беларустун улуттук акчасы 50%дан ашуунга девальвацияланды


Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы жарыялады. Ага ылайык, бүгүндөн тарта америкалык бир доллар 4, 930, ал эми бир евро 6,914 беларус рублине бааланат. Бирок бул курс чет элдик валюта алып келген товар экспорттоочуларга гана тиешелүү.

Банкттар аралык алмашууда болсо бир доллар учурда 7.400-8,300 рублдин айланасында сатылууда. Беларустагы азыркы кризис соодадагы таңкыстыктын эбегейсиз өлчөмүнөн жана декабрдагы президенттик шайлоо алдында мамлекеттик чыгымдар бир топко көбөйгөнүнөн улам келип чыкты.

Адистердин эсебинде, жыл башынан бери беларус рубли долларга карата 70%га арзандады. Анын арзандашына керектөөчүлөрдүн акчасын чет элдик валютага алмаштырууга умтулуусу да салым кошууда.

XS
SM
MD
LG