Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Келдибеков элчи Спратлен айым менен жолукту


Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандагы АКШ элчиси Памела Спратлен айым менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда спикер Спратлендин элчи болуп дайындалышы кыргыз-америка алакаларынын мындан да чыңдалышына өбөлгө болооруна ишенимин билдирди.

Келдибеков Кыргызстан үчүн АКШ менен мамиле куруу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалады. Өз кезегинде АКШ элчиси Памела Спратлен эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда июнь коогасынан жабыркаган өлкөнүн түштүк аймагын калыбына келтирүү маселелери каралып, төрага бул жаатта мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жаткан иш-чаралар менен тааныштырды. (EK)

XS
SM
MD
LG