Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Франциялык министр Лагард ЭВКнын жетекчисине талапкер


Франциянын экономика, каржы жана өнөр жай министри Кристин Лагард Эл аралык валюта корунун башчылык кызматына ниеттенип жаткандыгын билдирди. Бүгүн Парижде өткөн маалымат жыйында Лагард айым жакынкы учурда аталган уюмдун мүчөлөрү менен жолугуп, корду өнүктүрүү перспективаларын тааныштыра тургандыгын айтты.

Эл аралык валюта корун адатта Европанын өкүлдөрү жетектейт. Шейшембиде БРИКС өлкөлөрү бул абройлуу уюмдун жетекчисин жарандыгы боюнча тандоого макул эместигин билдирди.

Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Кан Нью-Йорк шаарындагы мейманканада жумушчу кызды зордуктоого аракеттеген деген айып менен кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG