Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Согуш кылмыштары үчүн айыпталган Ратко Младич кармалды


Босниядагы согуш кылмыштары үчүн шектелип, издөөдө жүргөн Ратко Младич кармалды. Сербиянын президенти Борис Тажич ал атайын кызматтары жүргүзгөн операциянын натыйжасында колго түшүрүлгөнүн билдирди. Анын алдында атын атабаган расмий адам Младич Сербияда кармалганын, анын дарегин анонимдүү булак маалымдаганын айткан. Младич 1992-95-жылдардагы согуш учурунда геноцидди, анын ичинде Сребреница кыргынын уюштурган адамдардын бири деген айып менен БУУнун трибуналы тарабынан изделип жаткан. Сербия Евробиримдикке кирүү үчүн аны кармашы керек деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG