Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Москвадагы сынакта кыргыз дизайнери баш байгени алды


Москвада өткөн “Жылдын кутюрьеси - 2011” модельер-дизайнерлердин эл аралык сынагында кыргызстандык модельер-дизайнер Ассоль Молдокматова КМШ өлкөлөрүнүн дизайнерлеринин ичинен эң мыкты болуп табылды. Ал Москвада “Стиль” коллекциясын тартуулаган. Гран-приге ээ болгон Молдокматова Лас-Вегаска саякат жасоо жана дизайнер Пьер Карден менен тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Бул тууралуу маалыматты жеңүүчү өзүнүн социалдык интернет баракчасына жайгаштырган.

Молдокматова эл аралык сынакта Борбор Азия чөлкөмүнөн жалгыз эле өкүл болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG