Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

“Республика” фракциясы Асанкожоеванын талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрайымына көрсөтүлүп жаткан Зина Асанкожоеванын талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу “Руспублика” фракциясы кабарлады. Анын талапкерлигин президент Роза Отунбаева сунуштаган. Асанкожоеванын талапкерлигин бүгүн ЖКнын бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети, 26-майда Социал-демократтар фракциясы колдогон.

Улуттук банк төрайымынын учурдагы орун басары Асанкожоева буга чейин өкмөттүн аппаратында жана президенттик администрацияда иштеген.

Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткарып аткан Бактыгүл Жээнбаеваны парламент колдогон эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG