Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ратко Младич эл аралык трибуналдын алдына келет


Босниялык сербдердин согуш кылмыштарына шектелген мурдагы аскер башчысы Бириккен Улуттардын Гаага трибуналынын алдында биринчи жолу жума күнү жооп берет. Сербиядан Младич Гаагага кечээ жеткирилген эле. Жума күнү түшкө чейинки угууда Младич өзүнө коюлган айыптоолор боюнча өтүнүч киргизе алат. Ага 1992-1995-жылдары Босниядагы согуштагы геноцид, согуш жана адамзатына каршы кылмыштар боюнча айыптар коюлган. 16 жылдан бери эл аралык издөөдө болгон Младич өткөн бейшембиде Сербияда кармалган.

XS
SM
MD
LG