Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Нгози Оконжо-Ивила бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Каражат Кыргызстандын бюджетиндеги таңкыстыкты жоюу үчүн колдоо ирээтинде бөлүнүүдө.
Жеңилдетилген насыянын 45 пайызы гранттык негизде бөлүнүп, калганы бирге жетпеген үстөк пайыздык негизде берилүүдө. Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Кыргызстанга алгач 60 млн. доллар бөлүү ниетте болгону менен, соңку окуяларга байланыштуу бөлө турган каражатты эки эсеге көбөйткөнүн билдирди.
Дүйнөлүк банк буга чейин 47 социалдык долбоордун алкагында Кыргызстанга баш-аягы 1 млрд. долларга тете жардам көрсөткөн. Учурда банк эсебинен өлкөдө 20 долбоор иш алып барууда. (EK)