Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Исаков: Жугуштуу ичеги таякчалары тууралуу сарсанаага негиз жок


Санитардык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков кыргызстандыктарды Европа өлкөлөрүндө элди сарсанаага салып жаткан жугуштуу ичеги таякчалары тууралуу камтама болбоого чакырды. Ал Кыргызстанга Испаниядан Орусия аркылуу айына 1 тоннага жакын апельсин, лимон, мандарин жана банан мөмөлөрү кире турганын "Азаттыкка" билдирип, алар чек арада дыкат текшерүүдөн өтүп жаткандыгын айтты.

Германия жана бир катар Европа өлкөлөрүндө жугуштуу ичеги таякчалары жайылып, андан 21 киши каза тапканы кабарланууда. Орусия баштаган бир катар өлкөлөр аны испан бадыраңдарынан жайылды деп, бул өлкөдөн жашылча-жемиш алууга тыю салган. (EK)

XS
SM
MD
LG