Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

7-июнда жаан-чачын күтүлбөйт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 7-июнда Кыргызстандын аймагында ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31 градус жылуу болот. Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 30…32 градус жылуу болот. (EK)

XS
SM
MD
LG