Каракол шаарынан кабарчыбыз Мария Колесникованын билдиришинче, облустук администрациянын алдына чогулгандар “Милиция элди коргосо, милицияны ким коргойт”, “Ата-энелер адилеттикти талап кылабыз”, “Балдарыбыз күнөөсүз күнөөлүү болууда” деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Ушул тапта чогулган 50 чакты киши Ак-Суу районунун прокуратурасына карай жөнөп кетишти.
11-майда Ак-Суу районунун Боз-Булуң айынынын тургуну Амандык Дөөталиев милиция кызматкери менен араздаша кеткен. Маркумдун атасынын сөзүнчө, милиционерлер аны уулу менен кошо Боз-Булуңдан 7 чакырымдай алыстагы Тегизчил айылына алып барган соң, орой сөз сүйлөп, коё беришкен.
Дөөталиев милиционерлер коё бергенден сегиз сааттан кийин каза тапкан деп айтылууда. 13-майда Боз-Булуң айлынын 65 тургуну Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына адилеттик талап кылып, нааразылыкка чыгышып, Амандык Дөөталиевди сабап өлтүрдү деп шектелген үч милиционерди жоопко тартууну талап кылышкан. Бул окуя боюнча ишти карай баштаган Ак-Суу райондук прокуратурасы аны облустук прокуратурага өткөрүп берген. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)