Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Кыргыз президенти иш сапары менен Австрияга келди


“Азаттыктын” Венадагы кабарчылары маалымдагандай, Венада Кыргызстанга арналган жыйынды Роза Отунбаева менен катар Австриянын мурдагы канцлери Франц Враницкий чогуу ачышты.

Жыйын эл аралык диалог үчүн Бруно Крайсий атындагы эл аралык форумунда өтүүдө. Эртең болсо Венада Роза Отунбаеванын Борбор Азия – Европа экономикалык форумуна катышуусу белгиленген.

Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, ал ошондой эле Австрия федералдык президенти менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Австрияга чейин президент Роза Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы Венгрияда болду. Иш сапар учурунда бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. (VD/UE)

XS
SM
MD
LG