“Азаттыктын” Венадагы кабарчылары маалымдагандай, Венада Кыргызстанга арналган жыйынды Роза Отунбаева менен катар Австриянын мурдагы канцлери Франц Враницкий чогуу ачышты. Жыйын эл аралык диалог үчүн Бруно Крайский атындагы эл аралык форумунда өтүүдө. Президент Роза Отунбаева бул жыйындагы сөзүндө, Кыргызстан былтыркы улут аралык кагылыштын бир жылдыгына байланыштуу анын курмандыктарын эскерерин, эскерүү иш-чаралары 10-июндан тарта үч күнгө созуларын белгиледи. Ага катар Кыргызстан июнь коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссиянын сунуштарын аткаруу үчүн өзүндө комиссия түзөрүн кошумчалады.
Роза Отунбаева өз сөзүндө ошондой эле Түндүк Африканын араб өлкөлөрүндөгү толкундоолор учурунда аймактын айрым лидерлери өз элин атканда дүйнө кыжырданганына токтолуп, бирок Кыргызстандын мурдагы президенти “Курманбек Бакиев 87 адамдын өмүрүн кыйып, жүздөгөн кишини жарадар кылганын эч ким эске албады”,- деп айтты.
Эртең Венада Роза Отунбаеванын Борбор Азия – Европа экономикалык форумуна катышуусу белгиленген. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, ал ошондой эле Австриянын федералдык президенти менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Австрияга чейин президент Роза Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы Венгрияда болду. Иш сапар учурунда бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. (VD/UE)