Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Абитуриенттерди даярдоочу академия ачылат


Мындай келишим Борбор Азиядагы Америка университети менен "Манастагы" АКШнын транзиттик борборуна май ташыган Mina Corp компаниясынын ортосунда кабыл алынды.

Mina Corp компаниясынын өкүлү Ден Пероффтун “Азаттыкка” билдиришинче, бул академия өз алдынча билим алууга каражаты жетпеген, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп бүтүрүүчүлөрдү окутуп, жогорку окуу жайга даярдоо максатын көздөйт.

Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы Америка университетинде түзүлгөн атайын комиссия жөндөмүнө жана каржылык абалына карата мектеп бүтүрүүчүлөрүн тандап алып, бир жыл боюнча жогорку окуу жайда керек болчу негизги илимдерди окутат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Mina Corp компаниясы 2,5 миллион доллар бөлүп жатат. Бул каражат төрт жыл катары менен, жыл сайын жетимиш студентти окутууга жетет. Аталган академия 2012-жылдын сентябрь айынан тарта ишин баштаары күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG