Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Маяна берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга үч күн берилди


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев социалдык тармакта иштегендердин айлыгын берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга үч күндүк убакыт берди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, 13-июнда Атамбаев өз аппаратынан жогорулатылган айлык акыларды берүү тууралуу маалымат алды. Маянанын көбөйүшүнө байланыштуу ыраазы болгондор бар экенин белгилеп, бирок арыздар да түшүп жатканын айтты.

“Азаттыкка” жер-жерлерден май айынын маянасына нааразы болгон мугалимдер кайрылышкан. Маданият тармагында иштегендер да өкмөт убада кылгандай айлык көтөрүлбөгөнүн билдирген. Өкмөт 1-майдан тарта айрым бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысы кеминде үч эсе көбөйөт деп маалымдаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG